www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, Ош шаарында 1981-жылы туулган жаран психотроптук заттар менен кармалды.
Текшерүү учурунда анын башкаруусундагы «Daewoo Matiz» унаасынан «REGAPEN» жана «Tropikamid» препараттары, ошондой эле белгисиз суюктугу бар бөтөлкө табылган.
Шектүү заттарды өз ыктыяры менен тапшырган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, алынган заттарга экспертиза дайындалды.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.