www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-сентябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жаратылышты коргоо боюнча Германия союзунун (NABU) Федералдык аткаруучу директору Инго Аммерман менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен NABUнун биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Анын ичинде Биологиялык ар түрдүүлүктү изилдөө борбору менен NABUнун кызматташтыгын улантуу, ак илбирсти реабилитациялоо борборунун ишин жакшыртуу жана тараптардын өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумунун мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Ошондой эле CITES, CMS жана Рамсар конвенцияларынын алкагында эл аралык жаратылышты коргоо боюнча кызматташуу маселелерине көңүл бурулду.
Тараптар Кыргызстандын Кызыл китебин кайра карап чыгуу жана жаңылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди да талкуулашты. Министр бул багытта заманбап илимий маалыматтарды пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилеп, NABUнун эксперттик колдоосуна кызыкдар экенин билдирди. Инго Аммерман уюмдун тиешелүү тажрыйбасы бар экенин жана эксперттик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Мындан тышкары, Кыргызстандагы компонентти камтыган IKI SYMBIOTIC долбоорун өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча улуттук артыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушуунун соңунда ак илбирсти сактоо боюнча биргелешкен иштерди улантуу, Бишкек декларациясында белгиленген милдеттенмелерди аткаруу жана 23-октябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ак илбирс күнүнө карата иш-чараларды даярдоо маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар жаратылышты коргоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.