www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандын борбору Кабул шаарында «Кыргыз Экспорт» борбору жана Ооганстандын Соода-инвестициялык палатасы тарабынан уюштурулган кыргыз-ооган бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу экономика министрлигинен билдиришти.
Форумдун жүрүшүндө «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров ооган бизнес-коомчулугуна Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Иш-чаранын жыйынтыгында товарларды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү боюнча жалпы суммасы 157 млн АКШ долларын түзгөн 11 ниет келишимине кол коюлду.
Бизнес-форумга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөлөрүнүн 100дөн ашуун өкүлү катышты.
КР делегациясын ЭКМ Бакыт Сыдыков жетектеди. Министрдин иш сапарынын алкагында Кабул шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылып, эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү. Анда соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү, экспорттук кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.