www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Жогорку соту менен Россиянын Жогорку соту сот адилеттиги тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюшту.

Бул тууралуу Кыргызстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашууга Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев менен Россиянын Жогорку сотунун төрагасы Игорь Краснов Бишкекте өткөн эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында кол коюшкан.

Россиянын Жогорку сотунун төрагасы Игорь Краснов Кыргызстанга Медербек Сатыевдин чакыруусу менен расмий сапар менен келген.

Сапардын алкагында эки өлкөнүн жогорку сотторунун жетекчилери эки тараптуу кызматташтыкты, сот өндүрүшү тармагындагы тажрыйба алмашууну жана сот органдарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоону талкуулашты.

Ошондой эле тараптар «Сот тутумунун көз карандысыздыгын жана аброюн чыңдоонун укуктук маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чара гибриддик форматта өтүп, ага Кыргызстан менен Россиянын судьялары жана сот аппараттарынын кызматкерлери катышты.

Медербек Сатыев конференцияда сот бийлигинин көз карандысыздыгын укуктук жактан бекитүү менен бирге аны иш жүзүндө камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Ал соттордун көз карандысыздыгынын укуктук, финансылык жана санариптик багыттарына көңүл бурду.

Игорь Краснов өз сөзүндө киберкылмыштуулук, жасалма интеллектти мыйзамсыз пайдалануу, криптоактивдердин кылмыштуу жүгүртүлүшү жана дипфейктер сыяктуу жаңы чакырыктар сот системасына да таасирин тийгизип жатканын айтты.

Кол коюлган макулдашуу сот адилеттиги институтун өнүктүрүүгө, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого жана сот практикасы боюнча тажрыйба алмашууга багытталган.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттиги жогорку мектеби менен В.М. Лебедев атындагы Россия мамлекеттик сот адилеттиги университети да кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

 

Последние новости