www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16-майда Сауд Арабиядагы Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Азия өлкөлөр боюнча департаментинин башкы директору Файсал Аламоди менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык спектринин учурдагы абалын, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар пландаштырган эки тараптуу иш-чараларды биргелешип координациялоонун алкагында элчи Марипов менен Аламоди тышкы иштер министрликтер арасындагы саясий кеңешмелерди, Кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын, кыргыз-сауд бизнес форумун уюштуруунун, түз аба каттамдардын ачылышын, ошондой эле Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына арналган башка иш-чараларды өткөрүү деталдарын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Улукбек Марипов жана Файсал Аламоди эки өлкөнүн ортосунда каралып жаткан түрдүү тармактар боюнча келишимдердин жана меморандумдардын долбоорлорун илгерилетүү боюнча биргеликте тыгыз иш алып барууну макулдашышты.
Булак: NazarNews.kg