www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында 16-майдагы нааразылык акциясында бир кишинин өмүрү кыйылганы белгилүү болду. Бул маалыматты "Азаттыктын" тажик кызматына ("Озоди" радиосу) кеминде төрт булак ырастады.
Маалыматка ылайык, Гулакен конушунунун 1992-жылы туулган тургуну Замир Назаршоев милиция менен кагылышууда каза тапкан. Тажик бийлиги Хорогдогу дүйшөмбүдө болгон окуялар тууралуу расмий маалымат бере элек.
Буга чейин "Озоди" радиосунун булактары Хорог шаарында нааразылык акциясында кеминде үч киши жараат алганын билдиришкен. Маалыматка ылайык, 16-майда милиция Хорог шаарынын борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгон.
14-майда да Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботанын жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.
Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын "мыйзамсыз" деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингдин катышуучуларынын бири талаптар аткарылмайынча нааразылык акциялары улана берерин "Озоди" радиосуна айткан. Тажик бийлигинин өкүлдөрү өлкөдөгү "мыйзамсыз нааразылык акциялары террорчулук катары эсептелине турганын" эскерткен.
Эске салсак, Хорогдогу кырдаал өткөн жылдын ноябрында курчуп кеткен. Анда күч түзүмдөрүнүн операциясы маалында 29 жаштагы Гулбиддин Зиебеков аттуу жергиликтүү тургун өлтүрүлгөн. Бийликтин элди таратуу аракетинен майнап чыккан эмес. Чогулгандар маркумдун сөөгүн администрациянын алдына коюп, анын өлүмүн иликтөөнү талап кылышкан.
Булак: NazarNews.kg