www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитети бүгүн, 17-майда “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун кароого киришти.
Бул маселе жыйындын күн тартибине сегизинчи болуп кирген, бирок президент Садыр Жапаров биринчи кылып кароону өтүнгөнү белгилүү болду.
Негизги баяндаманы мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумуш тобунун жетекчиси, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев жасап, бул башка мамлекеттерде жок, өзгөчө мыйзам экенин белгилеп, курултай кыргыз элинин тарыхында байыртадан келаткан, эл менен бийликтин ортосундагы мамилени түзүп турган көпүрө экенин айтты.
Алгачкы суроону депутат Гуля Кожокулова берип, бул мыйзам менен жергиликтүү кеңештер жокко чыгарылышы ыктымал деген пикирин айтты. Жумуш тобунун мүчөсү Курманбек Осмонов ага жооп берип, курултайдын ишинде мыйзамдарга карама-каршылык жок экенин билдирди.
Талкуу уланууда. Сунушталып жаткан мыйзамды бийлик быйыл 1-сентябрдан тартып күчүнө киргизүүнү көздөөдө.
Эске салсак, Элдик курултай институту былтыр 5-майда иштеп баштаган Конституцияга киргизилген. Мыйзам долбоорун 11 адамдан турган жумуш тобу иштелип чыккан.
Булак: NazarNews.kg