www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин Тажикстан Республикасынын маданият министри Матлубахон Амонзода Сатториён менен эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулашты. Өзгөчө театр, музыка, кино, билим берүү, музей жана китепкана тармактарындагы өз ара байланыштарды кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду.
Министр Мирбек Мамбеталиев 2025-жылы Душанбе шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү эки элдин достугун жана өз ара урмат-сыйын айгинелеген маанилүү маданий окуя болгонун белгиледи. Ошондой эле маданият элдерди жакындаткан “жумшак күч” катары өз ара ишенимди бекемдөөгө кызмат кыларын айтты.
Тараптар тарыхый-маданий мурастарды сактоо, элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо жана биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында учурда өтүп жаткан Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрү эки өлкөнүн маданий алакаларын жаңы деңгээлге чыгарып, достук жана ынак коңшулук мамилелерди дагы да бекемдей турганы белгиленди.