www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында бүгүн, 19-май күнү саат 18;30да «Советтик кинонун мыкты ырлары» аттуу концерт өтөт. Концерт чет өлкөдө жашаган мекендештерди колдоо максатында өткөрүлөт.

Көрүүчүлөргө ар кайсы муун сүйүп уккан «Как молоды мы были», «Старый клён», «Остров невезения», «Есть только миг», «Нежность», «Луч солнца золотого» жана совет доорунун башка белгилүү чыгармалар аткарылат.

Концертке сахна театр жана кино актёру Олег Яковенко, бүткүл россиялык жана эл аралык сынактардын лауреаттары Дарья Сикальская менен Иван Дятлов, Хакасия Республикасынын эмгек сиңирген артисти Борис Дьяков жана Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Игорь Воронцов катышат.

Артисттер Орусиянын эмгек сиңирген артисти, профессор Дмитрий Дмитриенконун жетекчилиги астындагы Л. Зыкина атындагы «Россия» мамлекеттик академиялык орус элдик ансамблинин коштоосунда өнөр көрсөтүшөт.

Саат 18:00дө театрдын фойесинде Дмитрий Дмитриенко жана Бишкектеги Русский домдун маданий долбоорлор боюнча куратору Игорь Воронцовдун катышуусунда пресс-жолугушуу өтөт.

Концертти чагылдырам деген журналисттерге эшик ачык жана аккредитациялоо боюнча

0 (779) 706-186 телефонуна кайрылса болот.

Эске сала кетсек, «Музыканын тилинде» долбоору— Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы байланышты классикалык жана элдик музыка аркылуу бекемдөөгө багытталган эл аралык маданий долбоор.

Долбоор Кыргызстанда алтынчы жыл катары менен ишке ашырылып келет. Бул аралыкта өлкөдө Сретен монастырынын хору, Л. Зыкина атындагы «Россия» ансамбли, Никита Агафонов жетектеген Москва джаз-квинтети, Орусиянын эл артисти Надежда Крыгина, «Россиянын улуттук байлыгы» наамынын ээси Ирина Крутова, «Реликт» триосу, скрипкачы Ирина Павлихина, Москва филармониясынын «Романтик-квартет» жамааты, Орусиянын эмгек сиңирген артисттери Нина Шацкая жана Олеся Евстегнеева жана башка чыгармачыл жамааттар концерт беришкен. Алар Бишкек, Ош, Каракол жана Талас шаарларынын тургундарын чыгармачылыгы менен кубантышкан.

Л. Зыкина атындагы «Россия» ансамбли — легендарлуу ырчы, орус ырларынын өзгөчө аткаруучусу Людмила Зыкина тарабынан түзүлгөн музыкалык жамаат. Ансамблдин репертуарында орус элдик ырлары, советтик композиторлордун музыкасы жана ырлары бар. Жамааттын чыгармачылыгында элдик аспаптардын нукура үндөрү заманбап аранжировкалар менен айкалышат. Кийинки жылы ансамбль өзүнүн 50 жылдык мааракесин белгилейт. Артисттер Кыргызстанга бир нече жолу келип, жергиликтүү көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болушкан.

Последние новости