www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран айланасында уланып жаткан согуш дүйнөлүк экономикага жана ири компанияларга миллиарддаган долларлык зыян алып келди.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, жаңжал башталгандан бери кеминде 279 ири компания инвесторлорун согуштун финансылык кесепеттери тууралуу эскерткен.

Маалыматта айтылгандай, чыгымдардын өсүшүнө байланыштуу компаниялар продукциянын баасын жогорулатып, өндүрүш көлөмүн кыскартып, дивиденд төлөөнү убактылуу токтотуп, айрым кызматкерлерин акы төлөнбөгөн өргүүгө жөнөтүүдө.

Кризис дээрлик бардык тармактарга таасирин тийгизгени белгиленди. Авиакомпаниялар, автоунаа өндүрүүчүлөр, тиричилик техникасын жана азык-түлүк чыгарган компаниялар олуттуу каржылык жоготууларга туш болушкан.

Авиация тармагындагы чыгымдар буга чейин эле 15 миллиард долларга жеткени айтылды. Мунун негизги себеби авиациялык күйүүчү майдын баасынын эки эсеге кымбатташы болууда.

Toyota компаниясы болжол менен 4,3 миллиард доллар чыгым болушу мүмкүн экенин эскертти.

Ал эми Procter & Gamble компаниясы киреше жоготуусу 1 миллиард долларга жакын экенин билдирди.

Компаниялар жылдын экинчи жарымында кирешеге болгон басым дагы күчөй турганын алдын ала эскертишүүдө.

Последние новости