www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Түркиядагы өкүлү Манас Аманбаев жана Түркиянын Ички иштер министрлигинин Коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы Али Фидандын жолугушуусу өттү.
Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Казакбаев Али Фиданды жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.
Тараптар эки өлкөнүн коопсуздукту камсыздоо, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Өзгөчө көңүл кадрларды даярдоо маселесине бурулду.
Жолугушууда Кыргызстандын ИИМ кызматкерлерин Түркияда окутууну улантуу, ошондой эле киберкылмыштуулукка, экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана коомдук тартипти камсыз кылуу багыттарында биргелешкен билим берүү программаларын кеңейтүүгө даярдык ырасталды.