www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 6–9-июль күндөрү Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында жогорку деңгээлдеги кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр өтөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле БУУ, ШКУ, ИКУ жана ЭКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташтык каралат.

Белгилей кетсек, Пакистан Президентинин расмий сапары эки өлкөнүн өнөктөштүгүн жана достук мамилелерин өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот.

Последние новости