www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткалда 36 адам коопсуз жерге чыгарылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда куткаруучулар селден улам жолдо калган 36 жаранды коопсуз жайга өткөрүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-июлда Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чакмак-Суу айылынын Кара-Токой тилкесинде жайгашкан Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн сол тарабындагы түркүктү суунун деңгээлинин көтөрүлүшү алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылган.

Окуя болгон жерге Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн үч куткаруучусу ыкчам унаа менен жөнөтүлүп, бир жүктөгүч техника тартылган. Караңгы киргендиктен көпүрөнү калыбына келтирүү иштери 4-июлда улантылган.

Куткаруу операциясынын жүрүшүндө куткаруучулар асма көпүрө аркылуу жалпы 36 жаранды коопсуз аймакка өткөрүштү. Алардын ичинен жетөө Россиянын, бири Казакстандын, ал эми 28и Кыргызстандын жарандары болгон.

Ошондой эле Кыргызстандын эки жараны өз унаасы менен суунун деңгээли төмөндөшүн күтүп жатканы маалымдалды.

Учурда кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө. ӨКМ жарандарды жана туристтерди тоолуу аймактарда, ошондой эле дарыяларга жакын жерлерде өзгөчө этият болуп, коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.

Последние новости