www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Изилдөөчү Numbeo сервиси 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча дүйнө шаарларындагы жашоо наркынын индексине таянып кактус басылмасы жазып чыкты.
Рейтингде Бишкек 547 шаардын ичинен 493-орунга жайгашты. Белгилей кетсек, өткөн жылы борбор калаа 327 шаардын ичинен 278-орунда турган. Быйыл рейтингге Европа, АКШ жана Азия өлкөлөрүнөн көптөгөн жаңы шаарлар кошулгандыктан, Бишкектин жалпы тизмедеги орду төмөндөдү.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн Бишкектин жашоо наркынын индекси 29,9 болду. Өткөн жылы бул көрсөткүч 26,6ны түзгөн.
Мындан тышкары, борбор калаа боюнча төмөнкү көрсөткүчтөр берилген:
- ижара акысынын индекси — 12,8;
- ижараны кошкондогу жашоо наркынын индекси — 22,1;
- азык-түлүк бааларынын индекси — 30,3;
- ресторандардагы баалардын индекси — 27,5;
- жергиликтүү сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн индекси — 39,6.
Numbeo бардык индекстерди Нью-Йорк шаарына салыштырып эсептейт. Анда базалык көрсөткүч 100гө барабар. Жашоо наркынын индекси азык-түлүк, ресторан, транспорт жана коммуналдык кызматтардын бааларын камтыйт. Ал эми турак жайды ижарага алуу жана ипотекалык чыгымдар өзүнчө индекстер аркылуу эсептелет.
Аймактагы шаарлардын ичинен Алматы 409-орунда, Астана 469-орунда, Ташкент 487-орунда жайгашкан. Душанбе Бишкектен кийин 497-орунду ээледи. Москва болсо 307-орунда турат.
Numbeo рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң кымбат шаар — Швейцариянын Цюрих шаары. Алдыңкы ондукка ошондой эле Кайман аралдарындагы Жоржтаун, Швейцариянын Люцерн, Базель, Женева, Лугано, Санкт-Галлен, Лозанна жана Берн шаарлары, ошондой эле АКШнын Гонолулу шаары кирген.
Эң арзан шаарлардын тизмесинде негизинен Индиянын шаарлары орун алган. Рейтингдин акыркы он сабында Коимбатур, Лакхнау, Раджкот, Гувахати, Бхопал, Сурат, Тируванантапурам, Индор, Бхубанесвар жана Агра шаарлары жайгашкан.
Жалпы инфографикада Бишкек жашоо наркы боюнча Индиянын Дели шаары (518-орун) менен Кытайдын Бээжин шаарынын (417-орун) ортосунда көрсөтүлгөн.