www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо иштери уланууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата республика боюнча жалпы 90 миң 387,4 тонна минералдык жер семирткич камсыздалган.

Анын ичинде:

  • азоттук жер семирткичтер – 51 миң 498,0 тонна (жалпы керектөөнүн 53,5%);
  • фосфордук жер семирткичтер – 37 миң 872,0 тонна (53,4%);
  • калийдик жер семирткичтер – 1 миң 17,4 тонна (6,7%).

Жыйынтыгында республика боюнча минералдык жер семирткичтер менен камсыз болуу деңгээли 49,6%ды түздү.

Министрлик белгилегендей, айыл чарба өсүмдүктөрүн минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана жетиштүү көлөмдө камсыздоо иштери улантылып жатат.

Ошондой эле дыйкандар менен фермерлерди жер семирткичтерди агротехникалык талаптарга ылайык пайдаланууга чакырды.

Последние новости