www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан Стратегиялык пландаштыруу боюнча биргелешкен топтун 7-жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, маданий-гуманитардык жана консулдук багыттардагы кызматташтыгы кеңири талкууланды.
Эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө да өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Жээнбек Кулубаев кыргыз-түрк мамилелеринин тарыхый жана маданий жакындыктарга негизделген динамикалуу өнүгүшүн белгилеп, эки өлкөнүн мамлекет башчылары Садыр Жапаров жана Режеп Таййип Эрдоган ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалогду баса белгиледи.
Тараптар алдыдагы жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, анын ичинде мамлекет башчыларынын өз ара визиттерине даярдык көрүү жана Кыргызстан–Түркия Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 7-жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Соода-экономикалык тармакта тараптар эки өлкөнүн лидерлери койгон максат — соода жүгүртүүнү 5 млрд АКШ долларына жеткирүү — боюнча ишти илгерилетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Ошондой эле 35 жылдык дипломатиялык мамилелердин алкагында Маданият күндөрү, илимий конференциялар жана башка гуманитардык иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2027–2028-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.