www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Олд Бишкек» соода комплексинин аймагындагы иштердин кечеңдешин сынга алып, демонтаж иштерин эки жуманын ичинде аяктоону тапшырды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө соода түйүндөрүндө жашы жете элек өспүрүмдөр эмгекке тартылганы аныкталып, Эмгек мыйзамдары боюнча тиешелүү органдарга текшерүү жүргүзүү тапшырылды.

Мэр инвестор өз милдеттенмелерин аткарбай жатканын белгилеп, кошумча күчтөрдү тартуу жана аймакты көрктөндүрүү иштерин тездетүүнү талап кылды.

Белгиленген мөөнөт аткарылбаса, соода түйүндөрүн жабуу маселеси каралары эскертилди.

Ошондой эле «Берен Голд» объектисинин жанындагы соода объекттерин бирдиктүү архитектурага келтирүү, мыйзамсыз объекттерди тартипке салуу жана жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүү тапшырылды.

Жолугушууда ЦУМдан Абдрахманов көчөсүнө чейинки аймакты көрктөндүрүү жана Шопоков көчөсүн өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлор да сунушталды.

Последние новости