www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министрдин орун басары Амантур Турсуниязов менен Өзбекстандын Тоо-кен өнөр жайы жана геология министринин орун басары Рустам Юсуповдун жолугушуусу өттү.
Жолугушууда тараптар геология, жер казынасын пайдалануу жана тоо-кен өнөр жайы багыттарында кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле өкмөттөр аралык келишимдерди ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо жана эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелерине көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого кызыкдар экенин билдиришти.