www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-июлда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Биринчи Май районунда белгисиз жаран синтетикалык заттарды жашыруун жайларга калтыруу жолу менен сатып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Школьная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан 2005-жылы туулган Б.У. аттуу жаран кармалган. Аны текшерүү учурунда сумкасынан өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат салынган 19 таңгак табылган.

Мындан тышкары, шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде дагы 5 жашыруун жай аныкталып, алардан ушул сыяктуу заттар алынган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда. Милиция жарандарды баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу фактылар тууралуу «102» кызматына билдирүүгө чакырат.

Последние новости