www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ менен ЮНИСЕФ кызматташууну күчөтөт

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ)нун Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Ана Даутович менен жолугушту.

Жолугушууда ӨКМ менен ЮНИСЕФтин өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу, кырсыктарга даярдыкты жогорулатуу, балдардын коопсуздугун камсыздоо жана мамлекеттик органдардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытындагы мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо боюнча кызматташуусу талкууланды.

Тараптар эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү, калктын өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, ведомстволор аралык кызматташууну жакшыртуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосунда кызматташуунун негизги багыттарын аныктаган биргелешкен иш-планга кол коюлду.

Последние новости