www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башы районунда Орто-Кайыңды коктусунан келген селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери уланууда.
Жүргүзүлгөн иштердин алкагында жол жээктериндеги таштандылар, отун калдыктары жана сел алып келген акыр-чикирлер тазаланып, Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды айылдарын сугат суу менен камсыз кылган каналдардын 500 метрден ашык бөлүгү калыбына келтирилди.
Мындан тышкары, жол боюнда топтолгон кум-шагыл жана ылай атайын техникалардын жардамы менен чыгарылып, аймак иретке келтирилди. Калыбына келтирүү иштерине алты атайын техника тартылып, тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Учурда дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле суу бөлүштүрүүчү курулманын долбоорун ыкчам даярдап, анын курулушуна облустук өнүктүрүү фондунан каржы бөлүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.