www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Восей районунда 35 жаштагы аялдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн укук коргоо органдары билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 13-июль күнү кечинде 39 жаштагы Икром Басиров менен 35 жаштагы Гулрухсор Султонходжазоданын ортосунда жаңжал чыккан.

Тергөө версиясына ылайык, саат 22:30 чамасында мас абалындагы шектүү аялдын үйүнүн короосуна дубалдан ашып кирип, ага 16 жолу бычак сайган.

Аял алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Шектүү Восей райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды. Окуя болгон жерден кандын издери бар бычак табылып, далил катары алынган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Последние новости