www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгынын (БАРЭК) бизнес-форумунун алкагында Кыргызстандын экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушту. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Эки тараптын биргелешип белгиленген стратегиялык максаты — өз ара товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга чейин жеткирүү өзгөчө көңүл чордонунда болду. Бул багыт эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан белгиленген.

Министрлер ошондой эле ишкердик байланыштарды активдештирүүгө жана инвестициялык өнөктөштүктү колдоого багытталган алдыдагы биргелешкен иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары, өнөр жай, транспорттук логистика, айыл чарба жана энергетика тармактарындагы келечектүү биргелешкен долбоорлор каралды.

Последние новости