www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын январында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 48,9 млн долларды түздү, деп билдирет Өзбекстандын президентине караштуу Статистика агенттиги.

Анын ичинен Өзбекстандан Кыргызстанга экспорт 24,8 млн долларды, ал эми Өзбекстандын Кыргызстандан импорту 24,2 млн долларды түздү.

Серепчилердин баамында, экспорт менен импорттун мындай дээрлик бирдей катышы эки коңшу мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүүнүн өнүгүүсүндөгү оң жагдай болуп саналат, анткени мурда Өзбекстандын экспорту Кыргызстандан жасалган импортунан бир кыйла ашып турган.

Аталган мезгилде Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 4,5 млрд долларын түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 297,2 млн долларга, же 7,1%га өскөн.

Бүгүнкү күндө Өзбекстан дүйнөнүн 154 өлкөсү менен соода алакасын жүргүзүп келет. Тышкы соода жүгүртүүнүн эң көп көлөмү Кытай (22,1%), Россия (17,7%), Казакстан (7,0%), Түркия (4,7%) жана Германия (3,8%) менен катталгандыгы айтылат.

Последние новости