www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акча опузалоого шектүү жарандар кармалды, деп билдирди Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

21-февралда милицияга Токмок шаарынын 18 жаштагы тургунунан милиция кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, акча талап кылып жатат деген маалымат түшкөн. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) боюнча катталды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр өзүн Токмок ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери катары тааныштырган. Алар арыз ээсинин уурулукка тиешеси бар экенин айтып, андан 30 миң сом талап кыла кыла башташкан.

Чүй ОИИБ менен Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан 22-январда 1996-жылы туулган А.И., 2004-жылы туулган Ж.И. жана 2004-жылы туулган А.К. бул ишке шектелип кармалды. Алар убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Последние новости