www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын "Коммунисттик партия" фракциясынын басма сөз катчысы Александр Ющенко Газета.Руга берген маегинде Кыргызстан өзүнүн потенциалы үчүн СССРге милдеттүү экенин эске салып, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин Бишкектин райондорунун атын өзгөртүү сунушун сынга алды.
«Албетте, Бишкектеги райондордун аталышын өзгөртүү демилгесине көз карашым терс. Постсоветтик мейкиндикте ишке ашырылып жаткан бардык методика абдан окшош. Прибалтика, Украинадан башталып, азыр башка республикаларга да жайылууда. Кыргызстан СССРдин составында болуп, өзүн экономикалык жактан кубаттуу жана көз каранды эмес республика катары бекемдеди. Анын бардык потенциалы жалпысынан советтик. Демек, өткөн советтик мезгилге "түкүрүү" алысты көрө албагандыктын белгиси же кемсинтүү болуп эсептелет - деди Ющенко.
Россия Федерациясынын Коммунисттик партиясынын өкүлү “коллективдүү Батышты” мурдагы СССРдин аймагында орусфобия жана антисоветизмди жайылтып жатат деп айыптады.
"Менин оюмча, Кыргызстан Орусияга каршы аракеттери үчүн полигонго кезекке тургузулган. Мындан тышкары, Казакстанда да ушундай аракеттер болушу толук мүмкүн", - деп эскертти Ющенко.
Буга чейин, Россия Мамлекеттик Думасынын депутаты Светлана Журова Кыргызстан Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртсө, Украинанын жолуна түшөөрүн билдирген.
Эске салсак, 25-ноябрда спикер Нурлан Шакиев Улуттук Курултайда сөз сүйлөп жатып, Бишкектин райондорунун атын өзгөртүү керектигин айткан.
Булак: NazarNews.kg