www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Светлана Журова Кыргызстан Бишкектин райондорунун атын өзгөртсө, Украинанын жолуна түшөт деп эсептейт. Бул тууралуу “Москва сүйлөйт” радиостанциясы билдирди.

"Бул жөн жерден эмес. Бул акырында орус тилин толугу менен кысып таштоо үчүн жасалган алгачкы кичинекей кадамдар. Мен андан бир секундага да күмөн санабайм. Балким, биздин тараптан мындай кылбоо өтүнүчү болот, анткени бул, Кыргызстанда жашаган орустардын укуктарын бузат. Биздин байланышыбыз ушинтип жоголот. Анан кийинки этап - мектептер, анан дагы кандайдыр бир этаптардан соң, тилекке каршы Грузиядагыдай болуп, жаштар орус тилин дээрлик билбей калат. Украинада да ушундан башталганын билебиз. Бул мамлекеттик улуттук тилди коргоо катары көрүнөт, бирок ошол эле учурда эл акырындап орусча сүйлөбөй турганын түшүнүшү үчүн жасалган кадам.

Эл өкүлү бул маселе мамлекеттик жогорку деңгээлде талкууланарын четке каккан жок.

«Балким алар Владимир Владимировичке отчет беришет, ал өзүнүн кесиптешине, Кыргызстандын президентине кандайдыр бир эскертүү берет», - деди ал.

Эске салсак, 25-ноябрда спикер Нурлан Шакиев Улуттук Курултайда сөз сүйлөп жатып, Бишкектин райондорунун атын өзгөртүү керектигин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости