www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата Журт Кыргызстан” партиясынан депутат Фархат Исмаиловдун диплому жасалма экенин УКМК тастыктап чыгып, маалымат таратканы эсибизде. Андан бери жарым жылдан ашык убакыт өттү. БШК бул маселени ачыкка чыгарып, ЖОЖдон диплом сатып алганын ачыктап, мандатын кайрып алышы керек эле.

Тилекке каршы, мыйзам аткарылбай, арабөк абалда калды. Ал эми Фархат Исмаилов кошоматчы депутатка айланып, улам бир кесиптешине атырылып, коомчулук астында шермендеси чыгууда. Алгач Мирлан Самыйкожого бир тийип, бирок кайра жыга чабылып, таяк жегенин журналист Канышай Мамыркулова жазып чыккан.

Жакында эле Өмүрбек Бакировго жулунуп, маданиятсыз, “кол жоолуктай” образын көрсөтүп, көпчүлүк астында талкуу жаратты. Айтор, чамынып эле жатат. Жасалма дипломду актап, “куралга” айланып, эптеп мандатын сактап калуунун амалына өткөнүбү? Мындайларды коом тез эле иргеп, жүзүн ачат эмеспи. Эртең эч кимге кереги жок болуп калганда, дипломду сатып алганы үчүн жоопкерчиликке тартылып калбайбы? Абай сала туралы.

Булак: Азия News гезити

Последние новости