www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелген БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын уулу апасы менен жолугушууну суранууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Автандил уулу билдирди.

Анын айтымында, ал тергөөчүгө кайрылган. Бирок азырынча жооп келе элек.

«Эгер баш тартышса, биз аппеляцияга беребиз», - деп кошумчалады адвокат.

Бактыбек Автандил уулу белгилегендей, Журабаева тарабынан камактагы шарттар боюнча эч кандай даттануулар жок. 

Гүлнара Журабаева кылмыш ишиндеги башка айыпталуучулар сыяктуу эле Бишкектеги СИЗО-1де кармалууда.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. Бийлик башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адамды түрмөгө камады. Алардын катарында белгилүү саясатчылар жана жарандык активисттер бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости