www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүгөрүнүн чачысынын ден-соолукка пайдасы

Жүгөрүнүн чачынын составында белок, углеводдор, витаминдердин В,А,Е,К,Р жана аскорбин кислотасы, пантотин кис лотасы, эфир майы, глюкозид, сапонин, тоник бар.

Элементтерден селен бар. Жүгөрүнүн чачысы - өттү тазалап, канттын деңгээлин түшүрөт, боор менен уйку бездин ишин жакшыртат, арыктаганга каршы каражат.

Аппетитти төмөндөтөт. Нерв системасын тынчтандырат. Жүгөрүнүн чачысын ичкен убакта жеңил, мүнөздөп тамак жеш керек.

Өт айдоо үчүн 200 гр кайнаган сууга 1 аш кашык жүгөрүнүн чачысын салып, демдеп, тундуруп, сүзүп, 1 күндө 4 жолу 1 чоң кашыктан 2 жума ичүү керек.

Боор, өт оорусуна, өт заарага айдаганга 2 чоң кашык жүгөрүнүн чачысын 200 гр стаканга салып, үстүнө кайнак суу куюп, аны эмаль идишке сууну куюп, стаканга салып, капкагын жаап акырын 10-15 минута кайнатат.

Күнүнө 4 маал, 1 чоң кашыктан 2 жума ичип, 1 ай дем алып, кайра 2 жолу кайталайт. Диабетиктер үчүн 2 чоң кашык жүгөрүнүн чачысын 500 мл сууга салып, 5-8 минута кайнатып, тундуруп, сүзүп, бир кундө 3 маал тамактан кийин 1 чоң кашыктан 6 ай ичүү керек.

Ушундай эле тунманы даярдап 3 жума ичип, 2 жума эс алып 5 ай ичсе баш ооруу айыгат. Кулактагы керди жоготот, кандагы холестеринди жоготот, эске тутуу, уйку жакшырат.

Ушундай эле өлчөмдө ичүү бөйрөктөгү, өттөгү ташты жок кылууга болот жана циститти жок кылат.

Бирдей өлчөмдө чалкан алып сууга кайнатып башты жууса чач түшпөйт, жакшы өсөт. Жүгөрүнүн чачысына аллергиясы барларга, боюнда бар аялдарга, варикоздорго, тромбофлебиттерге аябай арык адамдарга ичсе болбойт.

Дарыгер Ташбү Каразакова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости