www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында жалпы суммасы 87,9 миллион долларлык 1 тонна 411,2 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Сатып алуучулар:

Швейцария — 1 тонна 243,3 килограмм;

Гонконг — 167,9 килограмм.

Бул көлөмдүн 589 килограммы апрель айында Швейцарияга сатылган.

Белгилей кетсек, өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында өлкө 27,7 килограмм, ал эми 2022-жыл ичинде 290,5 килограмм алтын экспорттогон.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына анализ жасоодо бул жылдын алгачкы айында алтын сатылбаганын көрүүгө болот. Бирок Кыргызстан өткөн жылга салыштырмалуу бир эле айда, мартта 2,8 эсе көп алтын экспорттогон. Былтыр алтындын аз сатылганына бийликтин баалуу металлды күтүлбөгөн жагдайларда колдонобуз деп топтогону себеп болгон.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына анализ жасоодо быйылкы алгачкы айда алтын сатылбаганын көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости