www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылдын январь айынан тартып, Кытай менен e-Permit эл аралык жүк ташууларга колдонулуучу электрондук уруксат системасын ийгиликтүү ишке ашырды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Мунун негизинде ата мекендик автожүк ташуучулар Кытай, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркия өлкөлөрү менен эл аралык жүк ташууларды электрондук уруксаттын негизинде жүргүзүп жатышат.

Натыйжада уруксат берүүчү документтерди алмашуу процесси кыйла жөнөкөйлөп, ата мекендик жүк ташуучулар уруксат бланкын онлайн алуу жана тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул кадамдар жүк ташуучуларды жеке келип кезекке туруп кайрылуу зарылдыгынан арылтып, кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүн кыйла кыскартты.

Буга чейин тараптар жыл сайын уруксат бланктарын кагаз жүзүндө алмашып келген. Мисалы, 2025-жылы Кытай менен 130 миң даана уруксат кагазы алмашылган. Аларды даярдоо жана жеткирүүдө бюджеттик чыгымдар сарпталган.

Белгилей кетсек, e-Permit системасы ачыктыкты, ишенимдүүлүктү жана ыңгайлуулукту камсыз кылып, бюджеттик чыгымдарды кыскартууга, коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга жана эл аралык автомобиль ташууларды өнүктүрүүгө багытталган. Бул Кыргызстанды Борбор Азиядагы логистикалык хабга айландырууга шарт түзөт.

Электрондук уруксат системасын ишке ашыруунун натыйжасында 2026-жылы мамлекеттик бюджетке 500 миллион сомдон ашык каражат түшөт деп күтүлүүдө.

 

Последние новости