www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алдыда боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитин эске алып, 2026-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында айланма жолдун курулушун баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 4 тилкелүү жолдун узундугу 15,64 чакырымды түзүп, паралелдүү долбоорлоо менен курулат. Жол курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда. 

Учурда демонтаждоо, долбоорлоо жана жер жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, асфальт-бетон завод орнотуу пландалууда.

Аталган жолду белгиленген мөөнөттө бүткөрүү үчүн «Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн»  подрядчы компаниясы менен келишим түзүлдү.

Белгилей кетсек, долбоор шаардын транспорттук жүгүн азайтуу, эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатын көздөйт.

 

Последние новости