www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн кыргызстандык медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин аянтчасында өтүп, Москва шаарында саламаттык сактоо тармагында иштеп жаткан 60ка жакын мекендеш дарыгерлерди чогултту.
Жолугушуунун негизги максаты — кыргызстандык медициналык кадрлардын Мекенине кайтып келүүсү, ошондой эле алардын Кыргызстандагы саламаттык сактоо тутумунда кесиптик жактан өзүн ишке ашыруусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулоо болду.
Диалогдун жүрүшүндө министр тармакта жүргүзүлүп жаткан учурдагы реформалар, медициналык уюмдарды модернизациялоо, эмгек акыны жогорулатуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана медицина кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Айрыкча социалдык колдоо, кесиптик өсүү жана жаш адистер үчүн татыктуу шарттарды камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун алкагында дарыгерлер чет өлкөдө иштөө тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстанда жумушка орношуу, адаптация жана карьералык мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу сунуштарын жана суроолорун айтышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар жаш адистер Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында кесиптик ишмердүүлүгүн улантуу үчүн Мекенине кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендиктерин билдиришти.
Министр Каныбек Досмамбетов өз сөзүндө төмөнкүлөрдү баса белгиледи:
«Бүгүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасы квалификациялуу, мотивациясы жогору жана өз кесибине берилген адистерге муктаж. Мамлекет биздин дарыгерлер менен медицина кызматкерлеринин Мекенине кайтып келип, кесиптик жактан өнүгүп, калктын саламаттыгын чыңдоого салым кошуусуна кызыкдар. Министрлик өз тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүп, иштөө жана жашоо үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө даяр».