www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 1-февралынан тартып туруктуу кароого жана көзөмөлгө муктаж балдарга жана бала чагынан I топтогу майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөтүүчү жеке ассистенттердин эмгек акысынын өлчөмү ченемдик-укуктук актыга ылайык кайра каралды .Жеке ассистенттин кызматтары үчүн ай сайынкы төлөм 8 697,32 сомду түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-мартынан тартып жеке ассистенттер милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин өз алдынча сатып алышпайт. Мындан ары бул функция министрликтин аймактык бөлүмдөрү менен салык кызматынын бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде ишке ашырылат.

Бул жаңылануу балдарга жана майыптыгы бар адамдарга кам көргөн жеке ассистенттердин кызмат акысын төлөө боюнча ай сайын жүргүзүлүүчү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Последние новости