www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Исламабад шаарындагы мечитте болгон террористтик кол салуунун кесепетинен бейкүнөө адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Пакистан Ислам Республикасынын Сенатынын Төрагасы Сайед Юсуф Реза Гилани мырзага жана Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Сардар Аяз Садык мырзага көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Өз телеграммасында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу мечиттеги террористтик кол салуунун кесепетинен бейкүнөө адамдардын каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгилеп: «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерге, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош Пакистан элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилейм», - деди. 

Ошондой эле Төрага Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптай турганын кошумчалады.

 

Последние новости