www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рысбеков Алтынбек Дурусбековичти "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Нурлан Садыков жамаатка тааныштырды.
Рысбеков Алтынбек Дурусбекович "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору болуп дайындалды. Буга чейин бул кызматты Жумаев Медетбек Эргешович аркалап келген.
Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Нурлан Садыков компаниянын жаңы жетекчилигине жана жамаатына ийгиликтерди каалап, энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоонун жана аны ийгиликтүү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда авариялык өчүрүүлөр болгон Баткен облусун, атап айтканда Баткен жана Лейлек райондорун электр менен камсыздоону толук калыбына келтирүү зарыл. Мындан тышкары, көмөкчордондорду, электр берүү линияларын капиталдык курууга байланышкан бир катар негизги маселелерди тез арада чечүү жана бардык пландаштырылган долбоорлорду ишке ашырууну улантуу зарыл», - деди Нурлан Садыков.
Алтынбек Рысбеков көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого ниеттенип жатканын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg