www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан жана Греция диппаспорттордун ээлери үчүн виза режимин жокко чыгарды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Греция өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу бүгүн, 8-августта күчүнө кирет.

Макулдашууга ылайык Кыргызстан жана Греция – дипломаттык паспортторунун ээлери 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу болуу учурунда визалык талаптардан бошотулат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости