www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РФтин тышкы саясат боюнча ведомствосу АКШнын Арменияны Россиядан ажырата турчу билдирүүсүнө жооп кылды.

Батыш Түштүк Кавказда деструктивдүү идеясын жылдырып жатат, ал аймакты бөлүп-жарып жана Москва менен тарыхый байланышты үзүүнү көздөйт. Бул туурасында РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова Мамлекеттик департаменттин Арменияны Россиядан "бөлүп кетүү" аракети боюнча айтканына РИА Новостиге комментарий берип жатып белгиледи.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Жеймс О'Брайен Вашингтон Ереван менен Москванын ортосуна ажырым салчу шарттарды түзүүгө аракет кылып жатканын дээрлик мойнуна алган.

Анын айтымында, аталган республиканын калкынын басымдуусу Россиядан алыстоону каалайт жана АКШ буга шарт түзүп берет.

Захарова " О'Брайен жаңылык болчу эч нерсе деле билдирбегендиктен айтылгандар таңгалдырбагандыгын" белгилеген.

"Америкалык аткаминер биз өнөктөштөрүбүзгө, анын ичинен Ереванга Батыштын Түштүк Кавказдагы деструктивдүү идеясы туурасында дайыма айтып, деп турганыбызды билерин моюндады. Алардын башкы максаты мурдагыдай эле — аймакты бөлүп-жаруу, Россиянын салттуу союздаштары менен коңшуларынын тарыхый байланышын үзүү", — деген расмий өкүл.

Захарова муну менен катар эле Батыш чарчабай жасаган "аракеттерге" карабастан, РФ менен Армениянын ортосунда кылымдардан бери келе жаткан байланыш үзүлбөстүгүн белгилеген.

Анын айтымында, "бул — америкалыктарга мүнөздүү геосаясий ойлоп табуучулуктун дагы бир үлгүсү. Тагыраагы, Вашингтондун кызыкчылыктарына ылайык келген "чыныгы нерсени" дүйнө коомчулугуна жасалмалап көрсөтүүгө аракет кылуу. Мунун болуп жаткандарга эч кандай тиешеси жок."

Захарова иштин жагдайын социалдык сурамжылоо аркылуу өзгөртүүгө жасалган аракет аймактын башка мамлекеттеринде жаңыдан эле белгилүү болгонун белгилеген.

"О'Брайен менен анын компаниясы биздин өлкөлөрдүн ортосунда кылымдап бекемделген байланыштар Батыштын кандай гана сыноолору болбосун туруштук берип чыдаарын түшүнүп алышы керек... Тарыхта бир тууган армян элине ийнибизди бир эмес бир нече ирет тосконубуз белгилүү, аны биз мындан ары да жасамакчыбыз", — деп сөзүн жыйынтыктаган Россия ТИМинин расмий өкүлү.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости