www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 26-майында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Коста-Риканын Тышкы иштер министри Мануэль Товар Ривера менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин белгилеп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн артыкчылыктуу маанисин баса белгилешти. Мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын өкмөттөр аралык жана тармактар аралык форматтардагы келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Тараптар географиялык алыстыкка карабастан, Кыргызстан менен Коста-Риканы климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү сыяктуу глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча окшош позициялар бириктирерин белгилешти. Ушул контекстте эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары негизги эл аралык маселелер боюнча пикир алмашып, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.

Последние новости