www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 26-майында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван И менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын планы, Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Стратегиялык диалогдун биринчи жыйынынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү каралды.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарына жана анын Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик 25-саммитине катышуусуна даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Алар ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде глобалдык башкаруу системасын реформалоо жана өркүндөтүү, БУУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана заманбап глобалдык чакырыктардын шартында эл аралык институттардын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин ырастап, кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Последние новости