www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда “Экспресс ден соолук — жаркын саякат” долбоорунун алкагында кытайлык офтальмологдордун гуманитардык миссиясынын расмий жабылыш аземи өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 18–26-май күндөрү Кытай Эл Республикасынын алдыңкы офтальмологдору Бишкекте катаракта диагнозу коюлган бейтаптарга акысыз операцияларды жасашты.

Долбоор Кыргызстанда 2023-жылдан бери Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын базасында ишке ашырылып келет. Анын негизги максаты — жогорку квалификациялуу офтальмологиялык жардам көрсөтүү, сокурлуктун алдын алуу жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Маалыматка ылайык, ушул убакка чейин 1500дөн ашуун кыргызстандык жаран катаракта боюнча акысыз операциядан өттү.

Иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев, Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрү, Улуттук госпиталдын жетекчилиги жана кытай делегациясынын мүчөлөрү катышты.

Өз сөзүндө Бакытбек Кадыралиев кытай тарапка көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, долбоордун социалдык маанисин белгиледи.

Анын айтымында, мындай гуманитардык демилгелер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.

Ошондой эле сапардын алкагында кытай делегациясы операция болгон бейтаптар менен жолугушту.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык медициналык инфраструктураны жаңылоо, заманбап жабдууларды жеткирүү, кадрларды даярдоо жана телемедицина багыттарында өнүгүп жатканын белгиледи.

Последние новости