www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан жер көчкү кооптуулугу жогору өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт. Алардын 2415и мамлекет тарабынан жер тилкеси жана жардам берилгенине карабастан, кооптуу аймактан көчө элек.

Эң көп көрсөткүч Ош облусунда катталган. Облуста 2396 үй-бүлө жер көчкү кооптуу аймактарда жашайт. Алардын 1475и коопсуз жерге көчүп чыга элек.

Жер көчкүлөр негизинен жаз айларында кардын эриши жана нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен активдешет. Бирок күз мезгилинде да узакка созулган жаан-чачындын айынан жер көчкү жүрүү коркунучу сакталат.

ӨКМ жарандарды жер көчкү кооптуу аймактарда жашабоого, расмий эскертүүлөрдү так аткарууга жана өз убагында коопсуз жайга көчүүгө чакырат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашабоого, расмий эскертүүлөрдү так сактоого жана өз убагында коопсуз жайларга көчүүгө чакырат.

Последние новости