www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде министрдин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун төрагалыгы алдында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин жана ИИМдин башкы башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өттү.
Жолугушууда Кыргызстандагы Кытай жарандарынын арасында укук бузуулардын алдын алуу, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоосу боюнча укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле өлкөнүн каада-салтына, маданиятына жана коомдук тартибине урмат менен мамиле кылууну камсыздоо маселелери талкууланды.
Тараптар Кытай элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстандын мыйзамдарын түшүндүрүүгө, укук бузуулардын алдын алууга жана Кытай жарандары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган биргелешкен алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Октябрь Урмамбетов Кыргызстан Кытай менен конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, биргелешкен иштер эки тараптуу мамилелерди мындан ары да бекемдей турганын айтты.
Өз кезегинде Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин кызматташууну улантууга даяр экенин билдирип, Кытай жарандарынын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин биргелешип жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коомдук коопсуздукту камсыздоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо жана эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташууну чыңдоого багытталган биргелешкен алдын алуу иш-чараларын мындан ары да улантуу боюнча макулдашышты.