www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Мыйзам долбооруна ылайык, автомай куюучу станцияларда (АЗС) жана аларга чектеш аймактарда алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салуу каралууда.

Демилгечинин айтымында, бул өзгөртүү жол кырсыктарынын алдын алууга, айдоочулардын жолго чыгар алдында спирт ичимдиктерин сатып алуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө жана коомдук коопсуздукту жогорулатууга багытталган. Ошондой эле май куюучу жайлар кооптуу объект катары саналгандыктан, алардын аймагында алкоголдук ичимдиктердин жүгүртүлүшүн чектөө сунушталууда.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору мас абалында унаа башкаруу учурларын азайтууга өбөлгө түзөрү белгиленет.

Аныктамада белгиленгендей, эл аралык тажрыйба транспорттук инфраструктурага жакын аймактарда алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө киргизүү жол коопсуздугун камсыздоонун натыйжалуу ыкмаларынын бири экенин көрсөтөт.

Последние новости