www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев жарандарды кабыл алып, көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кезектеги кабыл алууга 62 жаран жазылган. Эки саатка созулган кабыл алуунун жүрүшүндө өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген жарандар жеке жана коомдук мүнөздөгү түрдүү маселелерди көтөрүштү.

Анын ичинде саламаттыкты сактоо, укук коргоо жана сот тармактарына тиешелүү көйгөйлөр айтылып, жарандардын көпчүлүгү турак-жай жана жер маселесине байланышкан жагдайларга токтолушту.

Адаттагыдай эле айрым кайрылуулар боюнча арыз каттары жасалма интеллекттин жардамы менен дароо кабыл алынса, кээ бирлери боюнча Төрага тиешелүү мамлекеттик-муниципалдык мекемелердин жетекчилерине ошол жерден телефон чалып, керектүү иштерди алып баруу тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилишине багытталган бардык иш-аракеттер көзөмөлгө алынарын белгилеген Төрага: “Жеке мүнөздө болобу, коомдук мааниде болобу ар бир айтылган маселе көңүл сыртында калбайт. Мыйзам чегинде жана мүмкүнчүлүккө жараша тийиштүү иштер алып барылат”, – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, Төрага жарандарды кабыл алуу иш-чарасын байма-бай өткөрүп келет. Бул эл менен парламенттин ортосундагы байланышты бекемдеп, жарандар тарабынан да өзгөчө колдоого алынууда.

Последние новости