www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров менен Албаниянын президенти Байрам Бегай Ысык-Көлгө болгон иш сапарынын алкагында кыргыз элинин маданий мурасын чагылдырган этномаданий программага катышты.

Бостери айылындагы «Номад» амфитеатрында өткөн иш-чарада мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыздын музыкалык жана поэтикалык өнөрүн тартуулашты. Ошондой эле алар кол өнөрчүлүк көргөзмөсү, көчмөндөрдүн салттуу жашоо-турмушу жана боз үйдүн жасалгасы менен таанышты.

Программанын жүрүшүндө Албаниянын президенти Байрам Бегай кыргыздын улуттук «топ таш» оюнун ойноп көрдү.

Этномаданий иш-чара жаа атуу, каскадер атчандардын өнөрү, куш салуу жана тайган жарышы сыяктуу улуттук оюн-зооктор менен жыйынтыкталды.

Последние новости