www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 100 млн доллар насыяга 3 миң батир салынат

Кыргызстан 100 млн доллар насыя алып, ипотекага берүү үчүн жалпы 3 миң батир турак үйлөрдү курат.

Каражат Сауд өнүктүрүү фондунан алынууда. Насыялык келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Маалым болгондой, 100 млн доллар «Менин үйүм 2021–2026» программасын ишке ашыруу үчүн жумшалат. Аталган 3 миң батир 40-85 чарчы метр болуп салынат. Алар жарандарга ижарага берилет. Жарандар ай сайын ижара акысын жана батирди сатып алууга акча төлөп, кийинчерээк батирди өз ээлигине ала алат.

Фонддон алынып жаткан карыз жарандардан түшкөн каражаттын эсебинен кайтарылат.

Долбоор Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости