www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто мал базарга кой сатканы кеткен жаран изделүүдө

Оштун Кара-Суу районунда дайынсыз жоголгон 43 жаштагы Элдарбек Жолдошов изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга дайынсыз жоголгон жарандын карындашы кайрылган. Ал билдиргендей, Элдарбек Жолдошов 23-июлда болжол менен саат 05:00до Учкун айылындагы мал базарга 17 баш койду сатканы чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Аталган факт катоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Элдарбек Жолдошовдун үстүндө кийген кийидери: кара түстөгү спорттук шым, күрөң футболка, башында кара кепка, бутунда кара түстөгү кончтуу бут кийим (берцы).

Өзгөчө белгилери: бою 170-172 см, кашы-көзү кара, чачы 2-3 см, кара түстө, көз айнек тагынып жүрөт.

Милиция Элдар Жолдошовдун жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0553 541 010, 0557 540 030, 0502 422 175 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости