www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польшанын аскерлери 5 мигрантты чек арадан күч менен чыгарып жиберишти. Бул тууралуу Белоруссиянын Мамлекеттик комитети Телеграм каналына жарыялады.

Анын айтымында, Польшанын күч түзүмдөрү түн ичинде Беларус менен чек арага чет элдик жарандардын тобун жеткирген. Колуна кишен салынган адамдарды тосмого алып келишти. Андан соң аскерлер көздөн жаш агызуучу газ жана физикалык күч колдонушкан. Ошентип, алар качкындарды жаныбарларга арналган делген дарбаза аркылуу республиканын аймагына кетүүгө мажбурлашкан.

“Адамзатка каршы жасаган кылмыштары тууралуу унчукпай туруп, польшалык аскерлер качкындар эч себепсиз агрессивдүү аракеттерди жасап, тосмону ашып таш жана таяктарды ыргытып жатышат деп коомчулукту ишендирүүгө аракет кылууда”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин 2023-жылы Беларустан Польшага 16 миңден ашык мыйзамсыз мигрант кирүүгө аракет кылганы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости